• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кулматовдун кылмыш иштеринен мамлекетке 94,8 млн. сомдук зыян келтирилген – Дамир Сагынбаев

Коом 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовго карата козголгон кылмыш иштери боюнча мамлекетке 94,8 млн. сомдук көлөмдөгү зыян келтирилген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтуусунда, кылмыш иш боюнча чогултулган далилдер боюнча эки мектепти куруу үчүн бөлүнгөн 128 млн.сом көлөмдөгү гранттык каражаттар билим берүү министрлиги тарабынан дайындалгандыгы аныкталган.

“Алардын бири Ош облусунун Өзгөн районунун Кыргызстан айылында, экинчиси Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылында курулуусу пландалган. Бирок Кулматовдун кийлигишүүсү менен 128 млн.сомдук каражат Бишкекте мектеп курууга жумшалган. Куруу иштери жүрүү маалында республикалык бюджеттен дагы 104 млн.сом бөлүнгөн. Белгилей кетчү нерсе, 2017-2018-жж. билим берүү министрлиги жана курулуш агенттиги тарабынан КРнын ар түрдүү аймактарында мектептерди куруу жүргүзүлгөн, анын ичинде эң алыскы деп эсептелген Чоң-Алай районунун аймагында мектеп курулган. Ошол мектеп, Кулматов тарабынан Бишкекте курулган мектепке окшош, бирок анын куруу иштерине 70 млн. сом корогон. Ал эми Бишкектеги мектеп 230 млн.сомго курулган”, - деп белгилейт ал.

Коопсуздук кеңешинин катчысы билдиргендей, чогултулган далилдер, соттук экспертизалар жана Эсептөө палатасынын актысына жараша Бишкек шаарынын мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов жана борбордук капкурулуштун мурунку-жетекчиси Сталбек Өмүркановдорго айып тагылган.

“Айыпталуучулардын 63 млн.сомдук көлөмдөгү мүлкү камакка алынган. Бул иш боюнча тергөө аяктап, иш Ленин районунун сотуна жиберилген”, - дейт Сагынбаев.

Пикир

Оставить комментарий