• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мурдагы мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык сотунда Кулматовдун бөгөт чарасы каралган учурда белгилүү болду. Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 350-346-беренелеринин («Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу», «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») негизинде 14-июнда козголгон. УКМК бул маалыматты ырастап, толугураак маалымат берилерин билдирди.

Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев жаңы ачылган кылмыш иши тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Бүгүн Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун бөгө чарасын карап, аны 28-июнга чейин камакта калтыруу жөнүндө райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Кулматов «2014-жылы мэр болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар» деп 5-июнда камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий