• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кулматовго эч жакка чыкпоо боюнча баш коргоо чарасы көрүлдү – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго эч жакка чыкпоо боюнча баш коргоо чарасы көрүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, бүгүн Кулматов сурак берүү үчүн УКМКга чакыртылган болчу.

2018-жылдын 18-майында Кулматовго коррупцияга байланыштуу айып тагылган.

Улуттук коопсуздук кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүнө (Коррупция) ылайык, кылмыш иши козголду.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы К.Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде TBEA компаниясы тарабынан мектеп курулушу үчүн берген 2 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык каражатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган деп айыпталууда.

Ошондой эле, Кулматов “Альто Групп” ЖЧКнын жетекчилери менен сынактан тышкары келишим түзүп, Кытай компаниясы менен түздөн-түз жеке компаниянын эсебине 1 млн АКШ долларын которгонго жетишкен.

Ошондой эле, Калыс Ордодогу мектептин курулушу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн сом бөлүнгөн.

Учурда жеке жалданма компаниясынын жетекчилеринин бири кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эске сала кетсек, Кулматов 2014-жылдын 15-январынан 2016-жылдын 9-февралына чейин калаа мэри кызматын ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий