• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кулубаев дипөкүлчүлүктөр, эл аралык уюмдардын жетекчилерине Элдик курултай тууралуу маалымат берди

Саясат 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Күн мурун, 28-ноябрда КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевдин катышуусунда 25-26-ноябрда өткөн биринчи Элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары жана Бишкек шаарында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын жетекчилери үчүн брифинг өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, брифингдин жүрүшүндө министр Ж.Кулубаев катышуучуларга курултайдын кыргыз эли үчүн мааниси тууралуу кеңири маалымат берип, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун сөзүн белгилеп, Элдик курултай ата-бабаларыбыздан калган эң адилеттүү, салттуу жана баалуу мамлекеттик башкаруу институту экенин айтты.

Министр өткөн курултайдын негизги максаты – Кыргызстандын элин түзгөн жамааттардын консенсусун ишке ашыруу экенин билдирди.

Иш-чара мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алууда жалпы коомчулуктун позициясын изилдөөгө, мамлекетти өнүктүрүүнүн негизги маселелери боюнча өлкө жетекчилигине жаңы идеяларды сунуштоого мүмкүнчүлүк түздү.

Дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнө курултайдын катышуучулары тарабынан көтөрүлгөн ар түрдүү маселелер тууралуу маалымат берилди, анын ичинен негизгилери – чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо, сууну пайдалануу жана ирригация, Кыргызстандын аймактарындагы жолдорду жана социалдык объектилерди куруу, чет өлкөлөрдөгү КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу маселелери болду.

Министр белгилегендей, Элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аткаруу бийлигине брифингдин катышуучуларынан келип түшкөн ар бир оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларды тыкыр талдап чыгууну, орун алган көйгөйлөрдүн тез арада чечүү жолдорун табууга милдеттендирди.

Брифингдин соңунда чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери Курултай институтуна байланыштуу бардык суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чарага Кыргызстанда аккредитацияланган дипломатиялык корпустун 30дан ашык өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий