• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кулубаев ЕККУнун башкы катчысын Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды

Саясат 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен ЕККУнун башкы катчысы Хельга Мария Шмиддин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун өз ара аракеттенүүсүн, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 14-16-сентябрында Тажикстандын куралдуу агрессиясынын натыйжасында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты.

Министр Ж.Кулубаев ЕККУнун башкы катчысына учурдагы кырдаал, көптөгөн адамдар, анын ичинде балдар курман болгондугу жөнүндө жана чек ара жаңжалы болгон аймактан 140 миңге чукул адам эвакуациялангандыгы, ошондой эле жарандык объекттер менен инфратүзүмгө олуттуу материалдык зыян келтирилгендиги тууралуу маалымат берди.

Кыргызстан менен ЕККУнун өз ара аракеттенүүсүнө быйыл 30 жыл болду жана тараптар кызматташууда жетишилген деңгээлге канааттангандыгын билдиришти.

КР тышкы иштер министри демократиялык процесстерге, өлкөнүн туруктуулугун жана коопсуздугун чыңдоого көрсөткөн колдоосу үчүн ЕККУга ыраазычылык билдирди. Ал коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, санариптештирүү жана эффективдүү башкаруу, сот жана укук коргоо системаларын реформалоо сыяктуу өлкө үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча ЕККУнун ишке ашырылып жаткан долбоорлорунун актуалдуулугун белгиледи.

Ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын ишмердүүлүгүнө, анын билим берүү жана илимий потенциалын кеңейтүүгө мындан аркы колдоолор айтылды.

Жолугушуунун соңунда министр Ж.Кулубаев башкы катчы Х.Шмидди жакынкы аралыкта Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий