• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кулубаев ЕККУнун жетекчилигине кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди

Саясат 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европада коопсуздук кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы, Польшанын тышкы иштер министри Рау Збигнев, ЕККУнун башкы катчысы Хельма Шмид менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ведомстводон билдиргендей, тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты.

"Кыргыз тарап учурдагы абал боюнча актуалдуу маалымат берип, Кыргыз Республикасынын деэскалацияга умтулуусун жана кырдаалды саясий жана дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу боюнча өзгөрүүсүз позициясын баса белгиледи", - деп айттылат маалыматта.

Өз кезегинде ЕККУнун өкүлдөрү келип жаткан кабарларга терең тынчсыздануусун белгилеп, чыр-чатактын курчушуна жол бербөөгө жана аны тынчтык жолу менен чечүүгө чакырышты.

Ошону менен бирге тараптардын конструктивдүү диалог түзүү аракетин кубаттап, мурда жетишилген ок атышууну токтотуу келишимдерин урматтоого чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий