• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кулубаев Европа Кеңешинин президентинин кеңешчиси менен аймактык коопсуздукту талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Кечээ, 15-ноябрда Брюсселде КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Кеңешинин президентинин улук дипломатиялык кеңешчиси Магдалена Гроно менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө көп кырдуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде эки тараптуу жана аймактар аралык мүнөздөгү иш-чараларды жана сапарларды уюштуруу пландары каралды.

Бул контекстте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жакында болгон жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин биринчи жолугушуусунун жыйынтыктарына токтолуп, санариптештирүү, жашыл экономика жана соода жаатындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жогорку деңгээлдеги байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Мындан тышкары, аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде чек ара аймактарындагы, ошондой эле Афганистандагы кырдаал боюнча кеңири пикир алмашуу болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий