• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кулубаев Европа комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррель менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Кечээ, 15-ноябрда Брюсселде КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү - Европа комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррель менен жолугушту.

Ведомстводон билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, ошондой эле тиешелүү алкактык макулдашууга кол коюуга багытталган эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер каралды.

"Соода, жашыл экономика, санариптештирүү, миграция, билим берүү жана инновация тармагында кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу максатында практикалык кызматташтыкты арттыруу боюнча тыгыз биргелешкен иштерди улантуу иштери макулдашылды. Кыргызстандын жарандарын Евробиримдик өлкөлөрүндө ишке орноштуруу шарттарын жеңилдетүү чаралары, ошондой эле виза режимин жеңилдетүү маселелери талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тараптар кыргыз-европа мамилелеринин прогрессивдүү өнүгүүсүн кубатташты жана өз ара сапарларды уюштуруу боюнча пландарды такташышты.

Кыргызстан менен Европанын башкы дипломаттары ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартиби, анын ичинде коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий