• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кулубаев Япониянын жаңы элчисинин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-октябрда КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын жаңы дайындалган элчиси Хидеки Годадан ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул туурлуу КР ТИМинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Кулубаев Хидеки Годаны Кыргызстандагы элчи кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалады. Ал Япония тарапка ар дайым достук колдоосу жана Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан долбоорлору үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, экономикалык кызматташтыкты активдештирүү чараларын, анын ичинде жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды жана аймактык иш-чараларды уюштуруу пландарын жана Япониядан кыргызстанга инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде элчи Хидеки Года жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өз тарабынан Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий