• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кулубаев ИКУга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 24.09.22. /Кабар/. Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында уюштурулган Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын жыл сайын өтчү консультативдик жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Министр Ж.Кулубаев өз сөзүндө, Кыргызстан Уюмга мүчө-өлкөлөрдүн жалпы көйгөйлөрдү, анын ичинде биздин коомчулукка чакырык таштаган терроризм менен экстремизмди чечүүгө багытталган биргелешкен аракеттерин колдой тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле Ж.Кулубаев «Бириккен Улуттар Уюму менен Ислам Кызматташтык Уюмунун кызматташуусу» сыяктуу резолюциялардын долбоорлорун Кыргызстан колдой турганын кошумчалап, дос жана бир тууган ИКУ өлкөлөрүнө БУУнун органдарына боло турган шайлоодо Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Мындан тышкары, Ж.Кулубаев Кыргызстан Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, биримдикти жана тилектештикти чыңдоого, ошондой эле жалпы кызыкчылыктарды жана эл аралык аренада ислам дүйнөсүнүн позитивдүү имиджин алдыга жылдырууга багытталган тыгыз кызматташууга жана өз ара аракеттенүүгө умтулат деп ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий