• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кулубаев Катар элчиси менен жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-февралда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмад Аль-Сулайтини кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду чыңдоо, анын ичинде жакынкы арада бийик жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча пикир алмашып, сапарлардын алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана эки тараптуу документтерге кол коюу маселелерин талкуулашты.

Министр Кулубаев саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты арттырууга негиз боло турган укуктук келишим базаны бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында ишке ашуусу пландалган социалдык жана гуманитардык долбоорлорду тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар сүйлөшүүдө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүнү жана дайым байланышта болууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий