• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кулубаев Хакан Фиданды Түркиянын ТИМ башчысы болуп дайындалышы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Хакан Фиданды Түркиянын тышкы иштер министри болуп дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Түркиянын тышкы иштер министри болуп дайындалышыңыз менен чын дилимден куттуктап, кубанычымды билдирем! Сиздин мыкты кесипкөйлүгүңүз жана өз мекениңизге кызмат кылууга берилгендигиңиз менен Түркиянын дипломатиялык жолун жана ийгиликтерин жогорку деңгээлде алып барып жана Түркиянын Жүз Жылдык долбоорун ишке ашырууда зор салым кошосуз деп толук ишенем.

Ал эми эки тараптуу Кыргыз-Түрк стратегиялык өнөктөштүгү менен достугун, өз ара колдоо духундагы кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө дайыма даяр экенибизди билдирем. Бул багытта Сизди Кыргыз Республикасына Сиз үчүн ыңгайлуу убакытта расмий сапар менен келип кетүүгө чакырам. Бул сапардын алкагында Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун кезектеги жыйынын өткөрүп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бардык багыттагы мамилелерибизди карап чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Урматтуу Хакан Фидан учурдан пайдаланып, Сизге чың ден соолук, жаңы баштаган мамлекеттик кызматыңызда ийгиликтерди, ал эми боордош түрк элине – аманчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий