• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кулубаев КМШ ТИМ башчыларынын кезектеги отурумуна катышуу үчүн Душанбеге келди

Саясат 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Көз карандысыз мамлекеттердин шекриктештигинин тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги отурумуна катышуу үчүн Тажикстандын борбору Душанбе шаарына келди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, отурумдун жүрүшүндө эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо, ошондой эле КМШга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жана Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйындарына сунушталган чечимдерди кароо пландалууда.

Мындан тышкары, министр Кулубаевдин жумушчу сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий