• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кулубаев Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин катчысы менен жолукту

Саясат 0


Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хаджраф менен жолугушту.

Учурашуу жана кол алышуу аземинен кийин тараптар сүйлөшүү бөлмөсүнө киришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында КР Тышкы иштер министрлиги менен Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин башкы катчылыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу пландаштырылууда.

Эскерте кетсек, Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хаджраф ошондой эле Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүнө: Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан, ошондой эле Азербайжанга барууну пландоодо.

Маалымат үчүн: Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши аймактык жабык эл аралык уюм болуп саналат. Уюмдун негизги максаты - катышуучу өлкөлөрдүн бардык экономикалык, социалдык жана маданий иштерин координациялоо, кызматташуу жана интеграциялоо болуп саналат.

Аталган уюмга Бахрейн, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары, Оман жана Сауд Аравия өлкөлөрү кирет.

Пикир

Оставить комментарий