• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кулубаев Түндүк Македониянын тышкы иштер министри менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түндүк Македониянын тышкы иштер министри Буяр Османи менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар 2023-жылы төрагалык Түндүк Македонияга өтө турган ЕККУнун алкагындагы өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүү маселелерине токтолушту.

Министр Ж.Кулубаев кыргыз тарап ЕККУга мүчө-мамлекеттердин ортосунда конструктивдүү диалогду өнүктүрүү жана ишенимди калыбына келтирүү үчүн Түндүк Македониянын ЕККУга келечектеги төрагалыгынын артыкчылыктарын колдой тургандыгын билдирди.

Буга байланыштуу ал Кыргызстан ЕККУну, ЕККУ мейкиндигинде коопсуздук жана кызматташтык маселелери боюнча катышуучу-мамлекеттердин тең укуктуу жана өз ара сыйлуу диалогу үчүн маанилүү көп тараптуу платформа катары карай турганын белгиледи.

КР ТИМ башчысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди. Ал белгилегендей, тажик тараптын мыйзамсыз аракеттери эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге каршы келген агрессивдүү жана туруксуздукка алып келген аракет.

Министр Ж.Кулубаев Кыргызстандын деэскалацияга умтулуусун жана өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позициясын дагы бир жолу баса белгиледи.

Өз кезегинде, Түндүк Македониянын тышкы иштер министри жаңжалдын курчушуна жол бербөөгө, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө жана ок атышпоо боюнча мурдагы келишимдерди урматтоого чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун бардык спектри боюнча мамилелерди активдештирүү боюнча пикир алмашуу болуп, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелери да талкууланды.

Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы биргелешкен иштерге даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий