• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун ТИМ башчылар кеңешинин жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Анкара шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТМУ) кезексиз жыйынына катышты.

ТИМден билдиришкендей, мамлекет башчыларынын кезексиз Саммитинин алдында өткөн ТМУнун мүчө-мамлекеттеринин тышкы иштер ведомстволорунун башчыларынын жыйынында уюмдун ишмердүүлүгүнүн келечектүү багыттары жана түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Министрлер Түркиядагы кыйратуучу жер титирөөлөрдүн кесепеттерин тез арада жоюу жана табигый кырсыктарга каршы туруу максатында мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттерин ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту, анын ичинде ТМУнун аймагында өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу каралды.

Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө, жер титирөөлөрдүн натыйжасында курман болгондорго жана кыйроолоруна байланыштуу түрк элине жана Түркия өкмөтүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, институционалдык да, уюштуруучулук жактан да кырсык коркунучун башкаруу аспектилери бекемдөө боюнча иш-чаралардын комплексин кабыл алууну жактады.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер мамлекет башчыларынын кароосуна сунушталган документтер боюнча макулдашты, ошондой эле ТМУ ишмердүүлүгүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан демилгелердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий