• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кулубаев Түркиянын ТИМ башчысына жер титирөөнүн курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты

Саясат 0

Бишкек, 06.02.23./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуна жер титирөөнүн курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

"2023-жылдын 6-февралында Түркиянын бир топ провинцияларында болгон катуу жер титирөө жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтам, жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалап, боордош түрк элине бул кырсыктын кесепетин тез арада жоюшуна тилектешмин", – деп айтылат КР ТИМ башчысынын телеграммасында

Пикир

Оставить комментарий