• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кулубаев тышкы миграция маселелери боюнча артыкчылыктуу багыттарды жана милдеттерди белгиледи

Коом 0

Бишкек, 22.05.22./Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Консулдук кызмат департаментинин жамааты менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сз кызматы билдирди.

Маалыматка алайык, жыйындын жүрүшүндө Кулубаев чет өлкөлөрдө жайгашкан КР жарандарынын укук жана кызыкчылыктарын коргоо, консулдук кызматтардын сапатын жогорулатуу жана аларды көрсөтүүгө кеткен убакытты үнөмдөө максатында консулдук кызматтарды көрсөтүүнү санариптештирүү, КРдан чыккан эмгек миграциясын ар тарапка багыттоо сыяктуу консулдук кызматтын негизги жана артыкчылыктуу милдеттерин белгиледи.

Чет өлкөлөрдө КРнын консулдук мекемелеринин географиясын мындан ары кеңейтүү, туруксуз аскердик-саясий абалдагы өлкөлөрдөн Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо, чет мамлекеттердеги жарандарыбызды үчүн консулдук кызматтардын бирдиктүү порталын түзүү маселелери талкууланды.

Министр чет өлкөлөрдө жайгашкан жарандардын кайрылууларына жана арыздарына өзгөчө көңүл буруп, бардык колдоо, жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды.

Департаменттин имаратына чыгып көрүү иш-чарасынын алкагында министр Кулубаев Консулдук кызмат департаментинин кызматкерлеринин жумушчу шарттары жана Электрондук виза" системасынын иши менен таанышып, "Бирдиктүү терезе" принциби менен иштеген ТИМдин Визалык бөлүмүн көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий