• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кулукеева: Чет жерде шайлоочулардын келүүсү активдүү байкалууда

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Чет жерде бардык шайлоо тилкелеринде добуш берүү жараяны жүрүп жатат, бирок активдүү шайлоого катышкандар Россияда байкалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

Анын айтымы боюнча, дүйнө жүзүндөгү 27 мамлекетте 37 шайлоо тилкеси ачылган. Учурда 36 тилке иштеп жатат. Ал эми 37чи шайлоо тилкеси Вашингтондо бишкек убактысы боюнча кечки саат 18:00дө ачылган. Ал жактагы тилке жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 6да жабылат. Учурда 18 миң 580 шайлоочунун 3 миң 380и добуш берген. Добуш берүүнүн активдүүлүгү Россияда байкалат.

“16:00гө карата Москва боюнча 6 миң 707 жаран шайлоо тизмесинен каттоодон өткөн, алардын 714ү добуш беришти. Санкт-Петербургда – 1 миң 16 адам, алардын 169у добуш берди.

Красноярскта – 1 миң 304 адам, 439у добуш берди. Екатеринбургда 737 адам катталса, алардын 222и шайлоого катышты. Новосибирскте – 688 адам шайлоо тизмесинде, 163ү добуш берди. Владивостокто шайлоо тилкеси жабылды. Ал жакта 4 миң 7 адам катталса, алардын 79у шайлоо жараянына катышты”,-деп кабарлады Кулукеева.

Анын айтымына караганда, үч шаарда шайлоо тилкеси ачылган эмес, алар: Нью-Йорк, Үрүмчү жана Кабул. Нью-Йорк менен Үрүмчүдө – дипломатиялык өкүлчүлүктүн статусуна байланыштуу, Кабулда болсо жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында.

Пикир

Оставить комментарий