• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сузактагы «Кум-Бел» көмүр кениндеги абалды изилдөө боюнча комиссия түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун «Кум-Бел» көмүр кениндеги жагдайга карата төмөнкүлөрдү билдирет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы, Өкмөттүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирген.

Учурда Өзгөн жана Сузак райондук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тарабынан Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Сузак районунун «Кум-Бел» көмүр кенинде түзүлгөн кырдаалды изилдөө боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Суунун ылайык келүүсүн аныктоо үчүн тийиштүү үлгүлөр алынды. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча «Кум-Бел» көмүр кенинин мындан аркы иши/иштетүү боюнча тиешелүү сунуштар киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий