• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кум үстүндөгү футбол: Бүгүн Кыргызстан Азия биринчилигиндеги алгачкы беттешин өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 07.03.19. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын кум үстүндөгү футбол боюнча курамасы Таиланда өтүүчү Азия биринчилигинде алгачкы беттешин өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Кыргызстандын командасы алгачкы оюнун Бириккен Араб Эмирлигинин курамасына каршы өткөрөт.

"Биз жакшы даярдандык. Климаттык шарттарына көнүп калдык. Биз үчүн баардык оюн кыйынга турат. Баштап жатканда дайыма кыйын болот эмеспи. Болгон күчүбүздү жумшап, жакшы ойногонго аракет кылабыз", - дейт команданын башкы машыктыруучусу Муктарбек Орозбаков.

Белгилей кетсек, биздин курама ишемби күнү Ливан, дүйшөмбү күнү Кытайдын курамасы менен оюн өткөрөт.

Бул мелдешке алгач ирет катышып жаткан Кыргызстан "В" тайпасында ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий