• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын Кубогу башталды

Спорт 0

Бишкек, 27.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 27-августта Ысык-Көлдүн Боз-Бешик айылында кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын Кубогу мелдеши башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футзал ассоциациясынан билдиришти.

Мелдешке 8 команда катышууда: А тайпасында "Жети-Өгүз", "Ысык-Көл", Чүй облусу, Баткен облусу болсо, Б тайпасында "Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы" (Бишкек), "Боз-Бешик", Жалал-Абад жана Нарын облусу бар.

Финалдык беттештер 30-августта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий