• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кум үстүндөгү волейбол боюнча КР биринчилигинин жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Ысык-Көлдө кум үстүндөгү волейбол боюнча Кыргызстандын биринчилигинин чечүүчү үчүнчү туру аяктады. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан билдиришти.

Федерациядан билдиришкендей, эркектер арасында биринчи орунду "EREM-1" командасы жеңген. Экинчи орунга "Ош" командасы татыса, "EREM-2" үчүнчү болгон.

Кыз-келиндер арасындагы мелдеште "Салам-Алик-1" командасы биринчи орунду ээлеген. "Улар-1" күмүш байгелүү болсо, "Улар-2" командасы үчүнчү орунду алган.

Пикир

Оставить комментарий