• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кумшекер жана өсүмдүк майынын баасын жөнгө салуу боюнча токтом долбоору каралууда

Экономика 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Кумшекер жана өсүмдүк майынын баасын жөнгө салуу боюнча токтом долбоору каралууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков брифингде билдирди.

Тайлаков ири соода түйүндөрүнө бир катар талаптар коюлганын айтат:

  • Негизсиз баанын көтөрүлүшүнө жол бербөө;
  • Запастарды ар дайым камсыз кылуу;
  • Керектөөчүлөрдүн укуктарын бузбоо.

"Бүгүнкү күндө Экономика жана финансы министрлиги тарабынан тийиштүү долбоор даярдалып, кумшекер жана өсүмдүк майынын баасын жөнгө салуу боюнча токтом долбоору каралып жатат. Эгерде кирип калса, биз тийиштүү көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзөбүз", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий