• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Кумтөрдө” автоцистерна оодарылып, 7 тонна күйүүчү май төгүлгөн

Кырсык 0

Бишкек, 11-июль /Мирлан Киизбаев - Кабар/. “Кумтөр” алтын кенинде автоцистерна коңторулуп, 7 тоннага чукул күйүүчү май төгүлүп калган. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтында жазылган.

Белгилүү болгондой, 9-июлда саат 11:28де “Кумтөр” алтын кенине дизель майын алып келаткан автоцистерна оодарылып, андагы май төгүлүп калган.

Компаниянын билдиришинче, “автоцистернадагы май сууга төгүлгөн эмес. Окуя болгон жерге дароо куткаруучулардын тобу келишип, бул боюнча Кыргызстан тараптагы тиешелүү мекемелерге билдирилген”.

Жеңил жарат алган унаанын айдоочусу жергиликтүү бейтапканага жеткирилген. Ошол эле күнү май төгүлгөн аймакты тазалоо иштери башталган. “Кумтөр Голд Компани” бул окуяны териштирүү боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кызматташууну улантат.

Пикир

Оставить комментарий