• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Кумтөрдөн" күйүүчү май уурдап саткан жаран аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан күйүүчү май уурдап саткан жаран аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери 29-май күнү болжол менен түнкү саат 02.30 чамаларында Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүнүн «Сары-Мойнок» тилкесинде «Ауди С4» үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерген. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан канистрлерге куюлган 300 литр солярка табылган.

“Милиция кызматкерлерине буга чейин «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын айрым кызматкерлери ишканадан күйүүчү май уурдап, жакынкы айылдардын тургундарына сатып жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөндүктөн, алар жогоруда аталган унаанын айдоочусун жана жүргүнчүсүн сураштырышкан. Алар солярканы «Кумтөр Голд Компани» ЖАК ишканасында жол түздөө атайын техникасында иштеген адамдан сатып алышкандарын билдирген”, - деп белгилешти милициядан.

Териштирүү иштеринин натыйжасында күйүүчү майды саткан жарандын өздүгү аныкталган. Ал «Кумтөр Голд Компани» ЖАК ишканасы менен келишимдин негизинде иштеп жаткан “Тарылга Сервис” подряддык жеке уюмдун кызматкери, Барскоон айылынын А.Н. аттуу 29 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Жүргүзүлгөн алгачкы суракта кылмышка шектүү жаран өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБнин КБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда, тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий