• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын аткаминерлери айыпка тартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын аткаминерлери айыпка тартылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, унаа менен коопту жүктөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында автоинспекция тарабынан 2018-жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына чейин Балыкчы өтмөк базасында “Кумтөр Голд Компани” компаниясынын унааларын текшерүү жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 5 унаада техникалык бузулуулар аныкталган.

Табылган кемчиликтер үчүн техникалык бузуулары бар унааларды линияга чыгаргандыгы үчүн компаниянын аткаминерлери мыйзам чегинде административдик айыптарга тартылган.

Пикир

Оставить комментарий