• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Кумтөр Голд Компаниде» 18 чет элдик кызматкердин ордуна 200 жергиликтүү тургун иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Кумтөр алтын кениндеги 18 чет элдик адистин иштен алынышы 200 кыргызстандыктын жумушка орношуусуна шарт түздү. Бул тууралуу "Кумтөр голд компани" ишканасынын аткаруучу директору Канат Курманов басма сөз жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, 18 чет элдик жарандын жалпы эмгек акысы эки жүз жергиликтүү кызматкердин эмгек акысына барабар болгон.

Ал ошондой эле жаш кадрларды акы төлөнүүчү стажировкадан өткөрүү программасы кайра жанданганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий