• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

«Кумтөр Голд Компанинин» үч жетекчисине кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын үч жетекчисине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат жыйынында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк билдирди.

Мындан мурда ал компаниянын жетекчилиги Кыргызстандан чыгып кеткенин жана “Кумтөр” кенинде иштөөнүн автоматташтырылган башкаруу тутумун жаап салышканын айткан.

Пикир

Оставить комментарий