• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Кумтөр" иши. Асылбек Жээнбеков камакта калтырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков дагы эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун токтомуна ылайык, шектүү А. Жээнбековго карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда, 2021-жылдын 30-сентябрына чейин узартылды.

Эске сала кетсек, "Кумтөр" иши боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, экс-депутат Өмүрбек Бабанов, учурдагы эл өкүлдөрү Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалган.

УКМК “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш иш козгогон. Кийинчерээк министрлер кабинети “Кумтөр Голд Компани” компаниясына убактылуу тыштан башкаруу киргизген.

Пикир

Оставить комментарий