• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кумтөр иши. Исхак Пирматов коррупция фактысы боюнча күнөөлүү деп табылып, айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматов Кумтөр долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Пирматовго жаза түрүндө 300 миң сом айып салынды. Чечим бүгүн кабыл алынды.

Эскерте кетсек, экс-депутат Кумтөр боюнча кылмыш ишинде айыпталуучулардын бири болгон. 2021 -жылдын 2 -июнунда Пирматов КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынган, бирок бир айдан кийин тергөө менен кызматташкандыктан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий