• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Кумтөр» иши. Нарымбаев менен экс-депутат Баатырбеков камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. «Кумтөр» иши боюнча мурдагы жогорку кызмат адамдарын кармоо улантылууда, - деп маалымдайт УКМКнын басма сөз кызматы.

Мурда маалымдалгандай, Ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Тергөө иш-аракеттеринин натыйжалары боюнча жана сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 9-июнунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү ("Коррупция") боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде президент А. Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарымбаев, ошондой эле өлкө парламентинин экс-депутаты Алмазбек Баатырбековдорго кылмышка шектүү жөнүндө билдирүү берилген.

Ошол эле күнү Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту аталган адамдарга карата тергөө бүткүчөктү камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды.

Ошондой эле аталган кылмышка шектүү деген билдирүү Жогорку Кеңештеги мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Д. Молдошевага жиберилди, бирок анын үй-бүлөлүк абалын жана жашы жете элек балдары бар экендигин эске алуу менен, ага чет жака чыкпоо жөнүндө тил кат түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.

Пикир

Оставить комментарий