• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Кумтөр” иши. Төрөбай Зулпукаров эки айга камакта калтырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Биринчи май райондук сотунун 27-июлдагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Зулпукаровго карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда, 30-сентябрга чейин узартылды.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, Өмүрбек Бабанов, учурдагы депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков “Кумтөр” иши боюнча кармалган. Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев дагы камакка алынган.

УКМК “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш ишин иликтөөдө.

Пикир

Оставить комментарий