• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Кумтөр" ишканасы коронавируска каршы күрөшүүгө 1 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөттү

COVID - 19 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. "Кумтөр" ишканасы коронавируска каршы күрөшүүгө 1 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, COVID-19 жаңы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө, анын жайылышына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чараларга көмөк көрсөтүү, ошондой эле көрүлгөн чаралардын маанилүүлүгүн эске алып, "Кумтөр Голд Компани" ишканасы эпидемияларга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга Саламаттык сактоо министрлигинин атайын эсебине 1 млн доллар өлчөмүндө акча каражатын которду.

"Бул каражаттар республика боюнча саламаттык сактоо уюмдарын оңдоого жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылууга жумшалат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий