• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Кумтөр” кен байлыгы боюнча жылыштар бар – премьер-министр

Өкмөт 0

Бишкек, 27-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. “Кумтөр” кени боюнча ылдыга жылыштар бар. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча парламентке отчет берип жаткан учурда билдирди.

Парламенттин депутаты “Кумтөр” алтын кени боюнча суроо узатты. “ Канчадан бери “Кумтөр” тууралуу маалымат уга элекпиз. Кен байлыкта эмнелер болуп жатат? Мына 7 жылдан бери ушул маселе чечилбей келет”,-деди депутат.

Өз кезегинде Өкмөт башчы “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана жылыштар бар экенин билдирди. “Иш жүрүп жатат, жакында биз бардык маалыматты толук көрсөтөбүз”,-деди С.Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий