• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кумтөр Кыргызстанга 24 жылда 3,7 млрд. доллардан ашык каражат төлөп берген

Экономика 0

Бишкек, 25.03.19. /Кабар/. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын 2018-жылы Кыргызстандын аймагында жүргүзгөн баардык төлөмдөрү 301,938 млн доллардан ашкан.

Ишкананын сайтында маалымдалгандай, аталган төлөмдөрдүн ичине салык, аффинаж үчүн төлөмдөр, товарлар үчүн жергиликтүү алып келүүчүлөргө төлөп берүү, кызматтар, инфраструктура, кайрымдуулук жана башка төлөмдөр кирет.

Ал эми ишкана иштеп баштаган кезден тарта 1994-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстанга 3 млдр. 774 млн. доллардан ашык каражат төлөп берген.

Былтыр “Кумтөр” кенинде 534 563 унция же 16 626,78 кг алтын өндүрүлгөн. Ал эми сатылган алтындын көлөмү 530 448 унция же 16 498,79 кг түзгөн.

Жыл жыйынтыгы боюнча сатылган алтындан түшкөн киреше 660,1 млн. долларды түзгөн. Бир жыл ичинде 9,6 млрд. сомдон ашык салык төлөнгөн.

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтарына ылайык, Кумтөрдүн КРнын ИДПдагы үлүшү 8,6%ды түзгөн, ал эми жалпы өндүрүштө Кумтөр 18,4%ды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий