• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Кумтөр” өндүрүштүн толук ылдамдыгында иштөөдө

Экономика 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 17-майынан баштап Кумтөр кени пландык режиминде иштеп жатат, жеткирүү жумуштары тез жана толук көлөмдө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым ММКларда “Кумтөр Голд Компани” (КГК) ЖАКка убактылуу тышкы башкаруусу киргизилгенден кийин кээ бир чет өлкөлүк жеткирүүчүлөр ишкананы керектүү жабдуулар жана тетиктер менен камсыздоо боюнча милдеттенмелерин аткаруудан баш тартышкандыгы тууралуу макалалар жарыяланган.

Ага байланыштуу ишкананын басма сөз кызматы буларды билдирет:

"Чынында эле, ушул жылдын июнь айында КГКга чет өлкөлүк ири товар жана тейлөөлөрдү камсыз кылган жеткирүүчүлөрдөн каттар келип түшкөн, анда алар бир тараптуу кызматташтыкты токтотуу жөнүндө билдиришти. Бул Центерранын топ-менеджерлеринин дал ошондой кара санаатай планы экени билинип турат – кендин иштешине кандайдыр бир жол менен бөгөт коюу, ошону менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүн канадалык корпорация үчүн пайдалуу болгон чечимдерди кабыл алууга мажбурлоо. Бирок КГКнын убактылуу тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүктүн билимдүүлүгүнүн, кесипкөйлүгүнүн жана тажрыйбасынын, ошондой эле жергиликтүү адистердин аракеттеринин натыйжасында көйгөйлөр тез жана үзүрлүү чечилип, Кумтөр кенинин бардык бөлүмдөрү үзгүлтүксүз иштеп жумуштарды алпарууда. “Центерранын” ойлору ишке ашкан жок"

“Иш уланууда. Бул чабуулга биз туруштук бердик. Биз бул көйгөйлөрдү ийгиликтүү чечип жатабыз. Биз башка жеткирүүчүлөр менен иштеп, башка жолдорун таап жатабыз. Биз эч кандай кыйынчылыктардан коркпойбуз жана кенибиздин иши токтобойт”, – деди Теңиз Бөлтүрүк.

Билдирүүгө таянсак, глобалдашуу деген эмне жана ал кандайча иштейт экенин “Кумтөр” кен ишканасынын мисалында байкаса болот.

"Дүйнөнүн ар кандай бурчунан технологиялар, иш куралдар, шаймандар жана материалдар өндүрүлүп бул жерге жеткирилип чогулат. Кенге күн сайын ар түрлүу жүктөрдүн жүздөгөн тонналары көтөрүлүп ташылат. Азыркы учурда компаниянын камсыздоо бөлүмү ар түрлүү глобалдык тармакты жолго коюу максатында жеткирүүчүлөр менен тыгыз иштейт. Кен ишканасы иштөө жана жашоо-турмушу үчүн бардык керектүү материалдардын, тетиктердин жана отундун корулары түзүлгөн. Компания товарларды, жумуштарды жана тейлөөлөрду камсыз кылуучу уюмдар менен толук эсептешит төлөп берет", - деп айтылат.

"Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын убактылуу тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүк кийинки сөздөрдү айтты: "Мен Центерранын жетекчилигине, Скотт Перриге, Дэн Дежарденге кайрылып жатам. Муну токтотуу керек. Бул согушта сиздер утпайсыз. Дүйнө жүзүндө көптөгөн товарлар жана тетиктер бар. Caterpillar, Hitachi, Komatsu жана башка көптөгөн өндүрүүчүлөр бар. Бул түйшүк эч кимге кереги жок. Сиздер өзүңүздөрдүн жана Кыргызстандын элинин алдында чынчыл болушуңуз керек!» Кумтөр иштеп жатат жана иштей берет! Биздин артыбызда төрт миң кызматкерлер, алардын үй-бүлөлөрү, буткүл өлкө турат жана бизди тизелетебиз деген ойлоруңар ишке ашбай таш кабат".

Азыркы учурда КГК товарларды жана тейлөөлөрдү сатып алуу боюнча ачык -айкындуулукту камсыз кылган процедураларды баштады. Өткөрүлүп жаткан тендерлер Компаниянын веб-сайтында жарыяланат.

"Кен ишканасынын кызматкерлери КГКда Убактылуу тышкы башкаруусу киргизилгенден кийин жакшы жакка байкаларлык өзгөрүүлөр болгонун белгилешет. Адамдарга кенде жашап турууга кыйла ыңгайлуу болуп калды. Кызматкерлерге эмгек акысы өз убагында төлөнөт. Эксперттердин байкоосунда, убактылуу тышкы башкаруучу Теңиз Бөлтүрүк өзүн эл аралык деңгээлдеги мыкты профилдик адис экенин, Кыргызстандагы эң ири жана ийгиликтүү компанияны башкарууну билген мыкты лидер катары көрсөттү. Бардык бөлүмдөр шайма-шай иштешүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий