• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Кумтөр» Жети-Өгүз капчыгайындагы көпүрөлөрдү калыбына келтирүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. «Кумтөр Голд Компани» ЖАК Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз дарыясын бойлой кеткен унаа жолдогу көпүрөлөрдү алмаштырууга жардам берүүдө. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Эске сала кетсек, июнь айында эски жыгач көпүрө урап түшкөндөн кийин Жети-Өгүз дарыясындагы 3-көпүрөнү калыбына келтирүүгө «Кумтөр» компаниясы темир конструкцияларды бөлүп берген.

Транспорт министрлигинин адистери тарабынан тез арада жаңы көпүрө орнотулуп, жолдогу кыймыл калыбына келтирилген. Ошондон кийин «Кумтөр» компаниясы бул трассадагы бардык көпүрөлөрдү алмаштырууга көмөк көрсөтүүнү чечти.

«Жалпысынан 5 көпүрө бар. Алардын баары жыгач жана эскилиги жетип калган. «Кумтөр» менен биргеликте бул көпүрөлөрдү темир конструкцияларга алмаштыра баштадык. Компания бизге курулуш материалдарын алып берди. Ошондой эле, иштин бир бөлүгү Транспорт министрлиги тарабынан каржыланууда, - дейт Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №35 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Бакыт Мусалимов.

Белгиленгендей, Жети-Өгүз дарыясындагы 1-көпүрөнүн курулушу аяктап калды. Азыр жумушчулар көпүрөнүн устундарын монтаждоо иштерин бүтүрүп жатышат, андан кийин жыгачтар төшөлүп, көпүрө даяр болот. Андан соң техниктер жана монтаждоочулар 2-көпүрөнү алмаштыруу иштерине киришет. Суук түшкөнгө чейин дарыядагы бардык жыгач көпүрөлөрдү алмаштыруу пландалууда. Иштин жүрүшүн жергиликтүү бийлик өз көзөмөлүнө алган.

«Бул көпүрөлөр 2008-жылы реконструкция болуп, кайра жасалган. Жыгач деген жыгач экен, суу тийип, ар дайым ным болуп турат. Ошол себептен, бүгүнкү күнү булар жараксыз абалга келген. Мына, июнь айынын башында үчүнчү көпүрөбүз талкаланып калган. Биздин өтүнүчүбүзгө жооп катары «Кумтөр» көпүрөлөрдү куруу үчүн сапаттуу металл конструкцияларды берди. Өзүмдүн жана жалпы айыл тургундарынын атынан «Кумтөр» компаниясына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирем», - дейт Жети-Өгүз айыл аймагынын башчысы Турсунбек Иманбаев.

Жаңы көпүрөлөрдүн жүк көтөрүмдүүлүгү 10 тоннадан кем эмес. Демек, жүк ташуучу унаалар да эч кооптонбой өтө алышат.

Жети-Өгүз капчыгайынан өткөн жол Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү негизги жайлоолордун бири болгон Көк-Жайыкка алып барат. Бул жерден Ала-Көлдү карай популярдуу туристтик маршрут башталат. Жергиликтүү тургундар жана туристтер көпүрөлөрдүн ишке киришин чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Жаңы көпүрөлөрдүн курулушу менен жол жүрүү ыңгайлуу жана эң негизгиси коопсуз болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий