• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Кумтөрдөгү" коррупциялык схемадан мамлекетке дээрлик 1 млрд сом зыян келтирилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үч кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Башкы прокуратура тарабынан "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча бир катар кылмыш иштери козголгон. Мында алдын ала эсептөө боюнча, аталган коомдун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий