• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кумтөрдө иш токтогон жок, ишкана мурдагы калыбында иштеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Кумтөрдө иш токтогон жок, алтын чыгаруучу ишкана мурдагы калыбында иштеп жатат. Бул тууралуу "Кумтөрдөгү" өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Усенов Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн чагылдырып берүү үчүн барган журналисттерге айтып берди.

"Жамааттын бардык бөлүмдөрүндө иш жакшы маанайда жүрүп жатат. Алар түшүнүү менен мамиле кылып жатышат. Кызматкерлерге айлыктары өз убагында төлөндү",- деди.

Ал эми ЖМК өкүлдөрүн экологиялык көйгөйлөр кызыктырды.

Көз карандысыз эксперт, эколог Динара Кутманова "Центерра Голд" компаниясы кен иштетүүдө Өкмөт тараптан коюлган талаптар бузулуп, өзүм билемдик менен мөңгүлөрдү талкаланып келгенин айтып, мамлекеттик комиссия аныктаган доонун көлөмүнө токтолду.

"256,8 млрд. сом, ошол учурдагы курс боюнча 5,4 млрд. АКШ доллары деп эсептелсе, мамлекеттик комиссия 6,6 млрд. сом, ошол кездеги курс боюнча 141 млн. доллар деп эсептеп берген. Бирок иш жүзүндө мыйзамдын талаптары аткарылган эмес. 256 млрд. сомго макул болбой, акчалай айыптын өлчөмүн дээрлик 250 млрд. сомго азайтып, 6,6 млрд. сомго түшүргөн, бирок ошону дагы өндүрүүгө аракет жасабаган мамлекеттик кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралган эмес”,-деди.

Учурду мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" компаниясын кен иштетүүдө келтирилген экологиялык чыгымдар жана салыктарды төлөөдөгү мыйзам бузууларды аныктап сотко берген. Өкмөт бул доолорду өндүрүү үчүн Эл аралык арбитраждык сотторго дагы берүүгө даяр экенин билдиришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий