• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

“Кумтөрдүн” айланасындагы абалды изилдөө боюнча мамкомиссия иштин биринчи этабын бүттү

Коом 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. “Кумтөрдүн” айланасындагы абалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия иштин биринчи этабын аяктады. Бул тууралуу маалымат жыйынында мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, комиссия укук коргоо же сот органы эмес, ошондуктан ким күнөөлүү же ким күнөөлүү эмес экендигин айта албайт.

“Комиссия 2013-жылдагы комиссиянын жана өкмөттүн токтомдорун аткаргандыгын карады. Ошондой эле, биз компаниянын талаптары сакталгандыгын дагы текшердик жана бардык маалыматтар чогултуп, топтодук. Бул ишти бүттүк”,-деди ал.

Ошондой эле, Акылбек Жапаров “Кумтөр Голд компания” компаниясы зарыл маалыматты бербегенин билдирди. Ал суралган маалыматтын ордуна башка маалыматтар берилип келгенин белгиледи.

“Керек болсо Centerra Gold Incте 26% акциянын ээлеген “Кыргызалтында” маалыматтар жок. Биз фонддук биржа аркылуу гана билдик”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий