• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кумтөрдүн айланасындагы "хайп". Активисттер чырылдап жатканда адистерди ким угат?

Аналитика 0

Интернет тармагында "алтынга" байланыштуу жаңы тема пайда болду. Блогерлер менен активисттер Кумтөрдө казылган баалуу металл Кыргызстандан арзан баада сатылып, буга кимдир бирөөлөр колун жылытып жатканы тууралуу айрым маалыматтарды айтып чыгышты. Диван эксперттер түрдүү булактарга таянып, келтирилген чыгымды эсептөөдө жеке ыкмаларын колдонушууда. Маалыматтар ар жерде ар түрдүү болгону менен баары биригип уурулук деп кыйкырып, постторунда дайыма Садыр Жапаровду дагы белгилешүүдө.

Блогерлер эле болсо мейли эле, бирок айрым ЖМКлар дагы ушуну жазышууда. “Иликтөөчүлөр” алтын Швецарияга сатылып жатканы тууралуу далилдерди табышканын, бүтүмдүн суммасы 1,2 млрд долларды түзөрү тууралуу маалыматтарды казып чыгышты. Бул боюнча бийликке коюлган дооматтардын мааниси толук түшүнүксүз, бирок ал болжол менен төмөндөгүлөргө барып такалат: Кыргызстандын алтынын кайсы өлкөлөр жана кандай баага сатып алып жатканын билгибиз келет.

Кечиресиз, бирок кандайдыр бир себептер менен маалымат мейкиндигинде тынымсыз “интрига” жаратып жаткандардын кандай иши бар? Албетте, ыгы келсе бийликти сындаш керек. Көйгөйлөр дагы жетиштүү. Сындоо башка, ал эми сыйлык үчүн өз өлкөсүндөгүнүн барын булгап коюу таптакыр башка нерсе. Бизде демократия, чет элдик таасирлердин агенттери эркин иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок, алар өздөрүн чет элдик агент экенин моюндагысы келбей, ошондуктан элдик коргоочулар катары көрсөтүшүүдө.

Жалпысынан интернет тармагында блогерлер жана активисттер ботко чалышып, ал мезгил-мезгили менен белгилүү бир электрондук басмалардын баракчасынан чыгууда. Анан бул темада өздөрүн демократиялык оппозициябыз деп эсептеген ишмерлер аны көбүртүп-жабыртып жатып калышты. Албетте, мындай нерселер кокустан пайда болбойт.

“Кыргызстандагы социалдык тармактарда тигил же бул теманы бир эле мезгилде көтөрүп чыгуу 2014-жылдан бери келе жаткан көрүнүш. Бийликке ишенбөөчүлүктү жана коомду бөлүп-жаруу үчүн кандайдыр бир теманы издөөнү же бир катар темаларды эске салган темалар байма-бай талкууланат. Мындай темалардын бири кайрадан “Кумтөр” алтын кени болууда. Адис эместер тарабынан бир эле теманы кайрадан көтөрүп чыгуу адамдарды “бул кимге пайда?” жана “кандай максатта?" деген ойго салууда. Көпчүлүк учурда жооптор көңүлдү өйүтөт: бул өз кызыкчылыгынан четте калгандар жана бийликти өз кызыкчылыгына карата көзөмөлдөгүсү келгендер үчүн пайдалуу”, - деп белгилейт саясат таануучу Шерадил Бактыгулов.

Дагы бир саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, болуп жаткан окуяларда өкмөттүк эмес тармактын активисттерине мүнөздүү болгон өзгөчөлүктү байкоого болот. “Мен бул ар кандай шылтоо менен күзгө чейин абалды козгоо аракети деп ойлойм. Алар: “Алтынды уурдап кетишти!” деп кыйкырып чыгышат. Албетте, бул көңүл чордонунда. Мындай шаблондук иштеп чыгуулар башка жагдайга да колдонулушу мүмкүн”, - деди ал.

Классика: калк дүрбөлөңгө түшүп, демократиянын күзөтчүлөрү коррупциянын белгилерин табат, оппозиция капитан Америкага окшоп, алданган элге жардам берүүгө шашат. Андан ары сценарий боюнча депутаттык корпустун кээ бир ашынган демократиялуу өкүлдөрү добуш беришет, бул тема Кыргызстандагы коррупция тууралуу маалы-маалы менен жазып жүргөн ошол эле батыш гезиттерине чыгат, ал жакта бул маалыматтын чын же жалган экени эч кимди кызыктырбайт.

Эң кызыгы “Кумтөр” боюнча интернеттеги жаңы толкун пайда болгон күндөн тартып ЖМКларда эксперттердин жана экономисттердин альтернативдүү жана адекваттуу пикирлери чыккан жок. Башкача айтканда, ошол темада болгон жана комментарий берүүгө жөндөмдүү адамдарга жөн эле сөз берүүгө мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Чындыгында блогердер хайп жаратып жатканда аларды угуунун эмне кереги бар? Айтмакчы, бул теманын социалдык тармактарда кандайча багытталганына жана жайылтылышына көңүл буруңуз. Активисттер менен блогерлердин жакшы демөөрчүлөрү бар. Ал эми алгоритмдер жана модераторлор интернетте кантип иштешет? Бул жөн эле жомок, баракчалардыжана топторду көргөндөн кийин Кыргызстанда кандайдыр бир оюн жүрүп жаткандай таасир калтырат.

Жакында эле оппозиция, капитан Американын ролун аткарып, элди коргойбуз дегендей түр көрсөткөндөр күзүндө саясий активдүүлүктү күчөтөбүз деп убада беришти. “Кумтөр” темасы күч сынагы болду окшойт. Жасалма куралдар четинде, маалымат толтуруунун коштоосунда, саясий фарстын декорациялары жана актёрлору даяр. Алар бизге дагы бир комедия тартуулайбы же окуялар башка жанрда өнүгөбү – жакында билебиз.

Р.S. Кыргызстандагы чет элдик агенттер жана алардын көзөмөлүндөгү ЖМКлар адекваттуу саясат таануучуларды жана эксперттерди “жокко чыгарышып”, алардын ордуна маалыматтык талаага блогерлерди жана активисттерди кое беришти. Ошентип, компетенттүү пикирлер атайылап маалыматтык күн тартибинен чыгарылып, алардын ордуна лгбт темалары, жасалма жаңжалдар толуп кетти. Калп жана жек көрүүчүлүккө толгон бул маалымат мейкиндигинде адамдар көп учурда чындыкты калптан ажырата албай, ал тургай кээ бир саясатчылар хайп жана истерикага дуушар болушууда.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий