• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кумтөрдүн алтынынын сатылышын иликтей турган депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандан 19 тонна алдындын чыгарылышын иликтей турган убактылуу комиссия түздү.

Комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирди:
- Марлен Маматалиев
- Балбак Түлөбаев
- Адахан Мадумаров
- Исхак Масалиев
- Жанар Акаев
- Нилуфар Алимжанова
- Нурлан Шакиев
- Надира Нарматова
- Марат Мураталиев
- Улугбек Ормонов
- Шайлообек Атазов
- Максат Сарыбагышев
- Арсланбек Малиев.

Комиссия алдыда жыйын өткөрүп, төрага шайлайт.

Эскерте кетсек, “Азаттыкта” Кыргызстан 19 тонна алтынды белгисиз өлкөгө сатканы тууралуу материал жарыяланган. Анда өткөн жылы казылган алтындын 70 пайыздан ашыгы кайсы өлкөгө экспорттолгону белгисиз экендиги жазылган.

Көп өтпөй президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине Кумтөр кенинин айланасындагы акыркы окуялар боюнча маек курган.

Пикир

Оставить комментарий