• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Кумтөрдөн чыккан алтын 24 саат бою көзөмөлдө турат". Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

Президент 0

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда алтын куймаларды кармап түшкөн бир тууганы Сабыр Жапаровдун талкуу жараткан сүрөтүнө түшүндүрмө берди.

— Урматтуу Садыр Нургожоевич, саламатсызбы!

— Саламатчылык.

— Учурда социалдык түйүндөрдө агаңыз Сабыр Жапаровдун чет элдиктерге окшош бир бейтааныш киши менен алтын куймасын кармап түшкөн сүрөтү талкууланып жатат. Бул талкууларды акыркы убакта "19 тонна алтын жок" деген сөздөр да кызытып жаткандай. Ушуга кандай жооп бересиз? Дегеле агаңыздын тиешеси кандай?

— Бул сурооңузга так жооп берип кетейин. Мамлекетке тиешелүү алтындарга менин бир туугандарым эле эмес, мен дагы жолой албайм.

Өткөн жылы "Кумтөрдү" кайтарып алуу процесси жүрүп жатканда Теңгиз мырзага: "Кимдир бирөөлөрдү гана эмес, мени дагы укпагын, ар бир грамм алтын, ар бир сом үчүн керт башың менен жооп бересиң! Мамлекеттин укуругу узун, бир сомдун артынан сая түшүп издеп табат", - деп айткан элем.

Ошентип бир да кадр киргизбедим, бир дагы ишине кийлигишпедим. Себеби "Мына сиз кийлигишип, "Кумтөр" ишин толук аткара албай калды" деген дооматтар болбосун дедим. Толугу менен өзүнүн эркине койдум. Теңгиз мырзанын башкаруу убагында алтын боюнча эч кандай маселе болгон жок. Болушу да мүмкүн эмес эле. Анткени алтын уурдоо деген түшүнүк ал жакта жок, баары компьютерлештирилген.

"Кумтөрдөн" баштап “Кара-Балтага”, андан бери “Кыргызалтын”, анан Улуттук банкка чейин 24 саат бою видеокамералар, сакчылар, текшерүүчүлөр коюлуп, бири-бирине акт менен өткөрүп берип турушат.

Ал эми кен иштетүүдө керектүү товарларды сатып алууда жогорулатылган баа көрсөтүлгөн учурлар аныкталды. Ал боюнча азыр тергөө тобу иштеп жатканын билесиздер. Теңгиз мырзанын катышы барбы же жокпу, аны тергөө аныктайт.

Убагы келгенде аны да айтабыз. Элден жашыра турган эч нерсебиз жок. Мындан ары эч нерсе жашыруун болбойт.

Ал эми 19 тонна алтын боюнча өткөндө эле жооп бердим эле, азыр да жооп берип коеюн. 19 тонна эмес, 19 грамм алтындын эсеби дагы архивде түбөлүк сакталат.

"Кумтөр", “Кыргызалтын”, Улуттук банктын жооптуу кызматкерлери жана башка алтын сатууга катыштыгы бар жүзгө жакын киши алтындын ар бир граммына чейин жооп берет. Бир грамм жоголсо же кемисе да жооп беришет.

Менин бийлигим түбөлүк эмес. Менден кийин кайсыл бийлик келбесин, текшерип чыкса баары калкып чыгып калат. Ошондуктан эч кимиси алтын уурдоого даап барбайт.

Анткени система ошондой коюлган. Бир грамм алтын көзөмөлсүз эч жакка сатылып кетпейт.

Айрым депутаттар, саясатчылар текшерип чыгалы деген сунуштарын айтып жатышпайбы, эч каршылык жок. Текшерүү комиссиясынын башына оппозициядан коюшсун. Же эң сабаттуу депутатты комиссиянын башына коюп, былтыртан берки алтындын ар бир граммын текшерип чыгышсын. Коомчулуктун атынан Азимбек Бекназаровду, алтындын "а" тамгасынан түшүнүгү жок жаш балдар чыгып атышат, аларды да кошуп алса болот. Алтын боюнча тагыраак маалымат билип алгандары өздөрүнө да жакшы болот. Канча алтын чыкты, кайда, канчадан сатылды жана башка бардык суроолуу маселелери болсо текшерип чыгып, элге ачык жарыялашсын.

Жашыра турган эч нерсебиз жок. Учурда ал жакта тергөө тобу иштеп жатат. Ошолор менен бирге иштешсин.

Азыркы жаңы жетекчиси Алмаз Барктабасов мырзага да Теңгиз мырзага койгондой эле, "Кумтөрдөн” бир грамм алтын, бир сом уурдалбасын. Уурдалган каражат үчүн катуу жооп бересиң" деген талаптарды койдум.

Менимче эч ким түрмөгө баргысы келбесе керек.

Ал эми сүрөт боюнча, мен тактадым. Түркияда түшкөн сүрөт экен. Эсиңиздерде болсо, былтыр эл аралык алтын сатууну уюштурган Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) Кыргызстандын алтынын дүйнөлүк биржада сатуусуна чек коюп койгон.

Ошол мезгилде түрк туугандар мага жана мамлекеттик чиновниктердин кабылдамасына кире алышпай, агама чыгышкан экен. (Бизде бюрократия жоюла элек да).

"Биз сатып алалы. Бизге келип, алтын эриткен цехибизди көрүп кеткиле. Биздин алтын сатып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар" деп кайрылышыптыр.

Ошол жерге барып, алтын кармап сүрөткө түшкөн экен. Эми муну трагедия кылыштын кереги жок го дейм. Ансыз деле аларга же башка жеке булактарга бир грамм да алтын сатылган эмес. Түрк туугандардан башка он чакты мамлекеттерден жогорудагыдай сунуштар түшкөн.

Чамасы, бизди дүйнөлүк биржада алтыныбызды сата албай калат деп ойлошсо керек. Бирок жыл айланбай эле LBMA менен көйгөйүбүздү чечип алдык.

Алтындар бир жылдан бери сатылбай чогула берген. “Кыргызалтын” аркылуу бир гана Улуттук банк сатып алып турган. Эми LBMAдан андай чектөөлөр алынып салынды. Буюрса, дүйнөлүк биржада эң жогорку баа менен сатабыз.

Мага жана менин бир туугандарыма бир грамм алтындын кереги жок. Алтынсыз эле жашап келгенбиз, алтынсыз деле жашай беребиз. Тескерисинче, бир туугандарым мамлекетке кандай жардам берсек экен деп ойлонушат.

Менин иштеримде кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо, бир туугандарым “мурдагы президенттердин катасын кайталабасак экен, президенттик мөөнөтү бүткөндө элдин жүзүн ачык карап жүрсөк экен” дешип, сарсанаа боло башташат.

Былтыр ошол мезгилде, LBMA биздин алтын сатуубузду чектеп койгондо, баары сарсанаа болушканы эсимде. Ошол мезгилде, “балким жардамым тийип калабы” деп Түркияга барган экен. Мамлекет тараптан кимдир бирөө суранган эмес.

“Кумтөрдүн” алтынын сатыш үчүн эмес, жалпы эле Кыргызстандан өндүрүлгөн жеке жактардын алтынын канчадан сатып алып жаткандарын билиш үчүн барган экен.

Бирок абдан эле төмөн болгондуктан, бир грамм алтын сатылган эмес.

Бардык эле өлкөлөрдө чет өлкөдөн келген конокпу, инвесторбу президенттин жакындарына чыга беришет. Мындай иштер буга чейин да болуп келген. Мурдакылардын катасы жакындарын мамлекеттик иштерге аралаштырып жибергенинде болгон. Мен андайга жол бербейм.

Кайда, канчадан сатсак болорун агамдын жардамы жок эле, мамлекет өзү билип алат.

Президент болуп бир мөөнөт олтурамбы, эки мөөнөт олтурамбы, кыскасы, мөөнөтүм бүткөндөн кийин жер карабай, башты бийик көтөрүп жүргөндөй болуп кетем.

Эми учурдан пайдаланып, “Кумтөр” жана башка мамлекеттин үлүшү бар алтын кендери жөнүндө дагы маалымат бере кетейин. Мен мамлекет башына келгенге чейин бир дагы алтын кен толугу менен 100 пайыз мамлекеттики болгон эмес. Таблицада көрүп турганыңардай бир аз гана үлүштөрү мамлекетке таандык болгон.

Нет описания.

Мен мамлекет башына келгенден бери “Кумтөр” 100 пайыз мамлекетке өттү. Башка кен байлыктарга дагы мамлекеттин үлүшүн киргизе баштадык. Малекеттин үлүшү жок алтын кендерге мындан ары таза кирешенин 30 пайыз үлүшүн киргизүү боюнча мыйзам кабыл алдык.

Мындан ары элдин байлыгын элге иштетүү боюнча иш алып барабыз.

— Маегиңизге чоң рахмат. Иштериңизге ийгилик каалайбыз!

— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий