• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Кумтөрдүн” эки кызматкерин издөө иштери улантылууда

Кырсык 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. «Кумтөр» кенинде жоголгон эки кызматкерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы убакта жалпысынан издөө иштерине 94 куткаруучу тартылды. Алардын ичинде альпинисттер жана кинологдор дагы бар. Ошондой эле 35 оор техника иштеп жатат.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-декабрында эртең мененки 5:43тө Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Ошол учурда аймакта тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн операторлору иштеп жаткан. Тоо кен бөлүмүнүн мастерлери диспетчерлерге үйүлгөн катмардын жылганы тууралуу маалыматты бергенден кийин, токтоосуз тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн бардык кызматкерлерине коопсуз аймакка эвакуациялоо тууралуу сигнал берилген.

Өндүрүштөгү зарылчылыкка байланыштуу токтоосуз эвакуациялоо тууралуу сигнал түшкөндөн кийин коопсуз аймакка алып чыгуу максатында тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О.Ишенбеков Форд пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен көтөрүлүп, бульдозердин машинисти Ж.Жунушовду алып чыгышы мүмкүн. Бирок тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн эвакуацияланган кызматкерлери чогулган жерде тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О.Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж.Жунушов жок болуп чыккан, алар рацияга да жооп берген эмес.

Жыйынтыгында кооптуу аймакка техника менен кызматкерлердин баруусу толугу менен токтулган. Учурда тоо кен бөлүмүнүн мастери О.Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж.Жунушов дайынсыз деп эсептелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий