• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Кумтөрдүн” ишин токтотпоо керек – Турсунбек Акун

Коом 0

Бишкек, 10.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Кумтөр” кенин башынан баштабоо керек болчу, бирок бул нерсе болуп калгандыгына байланыштуу ишти аягына чейин чыгаруу керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Борбор Азия боюнча адам укугун коргоо конгрессинин координатору Турсунбек Акун билдирди.

Анын айтымына караганда, кыргызстандыктар кандай жагдайда иштей тургандыгын билүү максатында айдын башында кенге барган.

“Кенде негизинен Кыргызстандын жарандары иштейт. Алардын иштөө шарттары жана айлыктары жакшы. Ишкананын өкүлдөрү мага айтышкандай, Кумтөр иштөө мезгилинде республиканын бюджетине 3 млрд доллардан ашуун каражат которулган. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бюджетинин 20% кенден түшкөн киреше түзөт”,-деп билдирип, бүгүнкү күндө ишкананын ишин токтотуунун мааниси жок экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий