• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Кумтөрдүн» кирешесинен башка кендерди иштетүүнү баштоо пландалууда – Бөлтүрүк

Экономика 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. «Кумтөр голд компанинин» кирешеси менен өлкөдөгү башка кендерди иштетүү пландалууда. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде компаниянын убактылуу тыштан башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк билдирди.

Анын айтымында, ачуу пландалып жаткан кен байлыктардын арасында Нарындагы Жетим-Тоо темир кени бар.

“Ошондой эле «Кумтөрдөн» алыс эмес жерде Тоголок алтын кени бар. Алдын ала маалыматтар боюнча ал жакта 100 тонна алтын бар. Бул кен байлык изилденип, тизмеге киргизилет. Мындан тышкары, планда Таластагы Андаш, Талды-Булак, Нарындагы Жетим-Тоо жана Бала-Чычкан темир кендери бар. Мен долбоордук менеджер болуп эсептелем. Биз чет өлкөдөн команда чакырып, жергиликтүү адистерди тартып, кен байлактарды иштетүүнү баштайбыз”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий