• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кумтөрдүн жапайы жаныбарларга терс таасири жок – Бөлтүрүк

Коом 0


Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. "Кумтөр" кенинин ишмердүүлүгү Кыргызстандын жапайы жаныбарларына терс таасирин тийгизбейт, дейт "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" Улуттук холдинг компаниясынын президенти Тенгиз Бөлтүрүк.

Анын айтымында, ал "Кумтөр" кенинин флора жана фаунага тийгизген терс таасири жөнүндө айткандардын баарына кенди иштетүү дүйнөдөгү эң алдыңкы тармактардын биринин үлгүсү экенин айткысы келет. Жаныбарлар жана канаттуулар катуу коргоого алынат жана антропогендик таасирге дуушар болбойт.

"Кызыл китепке кирген аркарлар, эчкилер жана башка жаныбарлар “Кумтөрдүн” аймагында аларга эч нерсе коркунуч туудурбасын билишет. Алар кызматкерлерден коркпойт, талаага оор техникалар тартылганы менен жаныбарлар, өзгөчө туяктуулар менен жырткычтар, анын ичинде ак илбирстер өздөрүн коопсуз сезишет. Анын үстүнө аңчылык маалында жакынкы аймактардагы жаныбарлар, тескерисинче, коркунучтан сактануу үчүн көбүнчө Кумтөргө барышат. Мунун баары кендин иштеши Кыргызстандын жапайы жаратылышына эч кандай терс таасирин тийгизбей турганын көрсөтүп турат", - деди Бөлтүрүк.

Пикир

Оставить комментарий