• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Кумтөрдүн» жоголгон эки кызматкери төрт күндөн бери табыла элек

Кырсык 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Төрт күндөн бери «Кумтөр» кенинде жоголгон эки кызматкерди издөө иштери уланууда.

«Кабар» агенттигине компаниянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылгандан кийин дайынсыз болгон эки кызматкерди издөө иштери уланууда.

2019-жылдын 4-декабры саат 6:00гө карата өзгөчө кырдаал болгон аймакта 28 оор техника иштеп жатат жана резеврде дагы кошумча 7 даана техника турат.

Кендин аймагында ӨКМдин жана Кумтөрдүн куткаруучулары иш алып барышууда.

Белгилей кетсек, кескин түрдө жылган үйүлгөн жараксыз катмардын жалпы аянты - узуну 450 метр, туурасы 570 метр, бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12,825 миң куб метр.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2019-жылдын 1-декабрында эртең мененки 5:43тө Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Ошол учурда аймакта тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн операторлору иштеп жаткан. Тоо кен бөлүмүнүн мастерлери диспетчерлерге үйүлгөн катмардын жылганы тууралуу маалыматты бергенден кийин, токтоосуз тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн бардык кызматкерлерине коопсуз аймакка эвакуациялоо тууралуу сигнал берилген.

Өндүрүштөгү зарылчылыкка байланыштуу токтоосуз эвакуациялоо тууралуу сигнал түшкөндөн кийин коопсуз аймакка алып чыгуу максатында тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О.Ишенбеков Форд пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен көтөрүлүп, бульдозердин машинисти Ж.Жунушовду алып чыгышы мүмкүн. Бирок тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн эвакуацияланган кызматкерлери чогулган жерде тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О.Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж.Жунушов жок болуп чыккан, алар рацияга да жооп берген эмес.

Жыйынтыгында кооптуу аймакка техника менен кызматкерлердин баруусу толугу менен токтулган. Учурда тоо кен бөлүмүнүн мастери О.Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж.Жунушов дайынсыз деп эсептелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий