• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Кумтөрдүн» жоголгон эки кызматкерин издөөгө 31 куткаруучу тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. «Кумтөрдүн» жоголгон эки кызматкерин издөөгө 31 куткаруучу тартылды, - деп кабарлайт ӨКМдин басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, кечээ, 1-декабрда эртең менен «Кумтөрдүн» эки кызматкери - бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси жоголгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кызматкерлер Кумтөрдөгү жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн.

Компаниянын расмий сайтында маалымдалгандай, «Кумтөр» кенинде жердин борпоң теги көчкөн. Окуя кендин Лысый аймагында болгон. Натыйжада аталган аймакта иштеген кендин эки кызматкери дайынсыз жоголгон.

Учурда дайынсыз жоголгон эки кызматкерди издөө иштери уланууда.

Эске салсак, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен жеринен абалды билүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине кетишти.

Өкмөт башчы «Кумтөр» кенинде жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берген.

Пикир

Оставить комментарий